Сириянын президенти Башар Асад үй-бүлө мүчөлөрү менен Москвага келди. Кремлдеги булактын маалыматына караганда, Россия аларга гуманитардык себептерден улам башпаанек бергенин билдирди.
Россиялык расмий адамдар Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү менен байланышта экенин, алардын лидерлери Сириянын аймагындагы орус аскердик базаларынын жана дипломатиялык мекемелеринин коопсуздугуна кепилдик беришкени айтылды.
Кремлдеги булак Россия Сирия элинин кызыкчылыгы үчүн саясий диалогдун уланышына жана Россия менен Сириянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө үмүт артарын белгиледи.