Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков атайын прокурорго, укук коргоочуларга жана башкы прокуратурага кайрылды. Аны сотко алып келишип, түштөнүү учурунда кайра камак жайына жеткиришкен. Аны алып кетээри менен борбордук жаза аткаруу кызматынын адамдары камерасын тинткени белгилүү болгон. Мындай тинтүү күн сайын болуп жатканын айтып, тинтүү учурунда жеке буюмдары ыргытылып, кийимдери чачылганын, Ленин округу боюнча депутаттыкка даярдаган программасы жок кылынганын айтып, УКМКнын жана жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерине чара колдонууну суранды.