Бүгүн сиздерге абдан сонун маалымат менен бөлүшөбүз. Алар сиздин дүйнө таанымыңызга дал келет деп ишенебиз:
⠀
- Аларды ээрчүү жашоону бир аз жеңилдетет деп ойлойм.
- Окуңуз, колдонуңуз жана жашоодон ырахат алыңыз.
- Бүгүн жаша, анткени кечээ кетти, эртең келбеши мүмкүн.
- Эгер күнөөлүү болсоң – бул тууралуу дароо айт жана өзүңдөн шылтоо издебе.
- Ар кимдин өзүнүн чындыгы бар, ал көп учурда сеники менен дал келбейт.
- Адамдын көйгөйлөрү анын башында гана болот.
- Ар дайым эсиңизде болсун, сизде мындан башка жашоо болбойт.
- Эч кимге эч нерсе карыз эмес экениңизди унутпаңыз.
- Эч ким сага карыз эмес экенин да унутпа.
- Жашоодо ар дайым өзүңө таян.
- Убадаларга эмес, сезим – туюмдарыңызга ишениңиз.
- Бүгүн жашооңуздагы эң сонун күн экенин билиңиз.
⠀
Бул маалымат сизге пайдалуу болду деп ишенем. Бул тизмеге дагы эмнелерди кошо аласыз?