Ар бирибизге компромат бар

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков кесиптеши Жусупбек Коргонбай уулунун мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырып, депутаттыктан кетиши боюнча пикирин билдирди.
“Ысык-Атада айыл өкмөт болгон бир жигит кайра эле эртеси күнү кызматын тапшырып берип, кетип калды. Билгендер айтышты, аны орган кызматкерлери алып барып, бир нерсесин көргөзгөн экен, кой деп кетип калыптыр. Коллегабызга деле ошондой нерсе болушу мүмкүн. Азыр ар бирибиздин үстүбүздөн материалдарды даярдап коюшкан. Керек учурда чыгарышат”,- деди депутат. Ал эми башка депутаттар Жусупбек Коргонбай уулунун жеке чечими болду деп эсептешет.
Өткөн жумада акча талап кылуу фактысы менен аталган депутаттын жакындары камакка алынганы айтылган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыл башынан бери 3,7 миң мас айдоочу кармалды

Кыргызстандын аймагында 2024-жылдын башынан бери 3 миң 754 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖККБББ) билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 65 мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, андан 117 жаран ар кандай жаракаттарды алып, эки киши көз жумган. ЖККБББ мас абалында унаа башкарган […]

Сизге жагышы мүмкүн