Артур Бетербиев дүйнөнүн мыкты боксерлорун атады

Автор

Жарым оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Артур Бетербиев бул салмакта дүйнөнүн мурдагы чемпиону Дмитрий Бивол менен беттешип жеңип алды. Жеңиштен кийин атактуу мушкер DAZN телеканалына маек куруп, бүгүнкү күндөгү салмак категориясына карабастан, эң мыкты деп эсептелген беш мушкерди атады.
Бетербиев эң мыкты деп төмөндөгү мушкерлерди атады:
1. Теренс Кроуфорд;
2. Александр Усик жана Наоя Иноуэ;
3. Сауль “Канело” Альварес;
4. Тайсон Фьюри;
5. Девин Хани.
Эске сала кетсек, 12-октябрдан 13-октябрга караган түнү Сауд Арабияда өткөн бокс кечесинин негизги беттешинде Бетербиев Биволду калыстардын көпчүлүк добушу менен жеңген.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ армиясы россиялык Ми-17 тик учагын колдонду

АКШ армиясынын атайын операциялар боюнча командачылыгы машыгууларда россиялык өндүрүштөгү Ми-17 тик учагы колдонулганын билдирди. “Бул жөн гана машыгуу. Коопсуздук кызыкчылыгына байланыштуу биз анын чоо-жайын ачыкка чыгара албайбыз”,-деп билдирди АКШнын атайын операциялар боюнча командачылыгы. Буга чейин америкалык ММКлар Түштүк Каролина штатындагы аэропортто россиялык өндүрүштөгү тик учакты байкашканын жазышкан. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн