Россиялык ырчылар Григорий Лепс менен Николай Басков атайын операция зонасында Батыштын танкын жок кылгандарга сыйлык берүүнү убадалашты. Сыйлык 1 миллион рубль болору айтылды.
Адегенде мындай демилге менен «Земляне» тобунун лидери Владимир Киселев чыккан. Ал ар бир бузулулган “Леопард” жана “Абрамс” танктарын Коргоо министрлиги менен биргеликте сыйлайбыз”,-деген. Басков менен Лепс бул идеяны колдошту.
Артисттер көп сандагы кесиптештер кошулат деген үмүттөрү менен «Орус армиясы жана ар бирибизди коргогондордун баары биз алар менен экенибизди билишет»,-деп түшүндүрдү Басков.