Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 15-январга чейин камакта калды.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Абдылдаев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат.