Владимир Путин Россиянын коопсуздугуна каршы бир катар кылмыштар үчүн, атап айтканда, өлкөнүн армиясы тууралуу фейктерди тараткандыгы үчүн конфискациялоо боюнча мыйзамга кол койду.
Бул кылмыштарга РФ Куралдуу Күчтөрү тууралуу атайылап жалган маалымат таратуу жана өлкөнүн коопсуздугуна каршы багытталган коомдук чакырыктар кирет.
Январь айынын аягында Мамлекеттик Дума “аскердик фейк” жана “мамлекеттин коопсуздугуна каршы багытталган” аракеттер үчүн мүлктү конфискациялоого, ошондой эле “армияны каралоо” үчүн чининен ажыратууга көмөктөшкөн мыйзамды жактырган.