Армения бийлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) төгүмдөрдү төлөөдөн баш тартты. Бирок өлкөнүн каржылык милдеттемелери сакталып турат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Министрлик каржылык тартип бир тараптын мүчөлүгүн токтотуу же андай каалоосуна карабастан сакталаарын, бул дүйнөлүк практика экенин эске салды.
Ереван 2024-жылдын май айынын ортосунда ЖККУнун ишин каржылоодон баш тарткан. Ереван Москва акыркы 2020 жана 2023-жылдардагы Баку менен болгон жаңжалдарда зарыл жардамды көрсөтпөгөнгө айыптап келет.