Армения НАТОнун Вашингтондогу саммитине катышат

Автор

Армения 9-июлдан 11-июлга чейин Вашингтондо өтө турган Түндүк Атлантикалык альянстын саммитине катышат. Бул тууралуу “Sputnik Армения” басылмасы республикалык тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ани Бадалянга шилтеме берүү менен маалымдайт.
Чакыруу Ереванга альянстын 75 жылдыгына арналган кошумча иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк берет.
Өлкөнүн ТИМ башчысы Арарат Мирзоян Армения альянска кошулуу ниетинде эмес экенин билдирди. Бирок, дипломаттын айтымында, Ереван Афганистандагы тынчтыкты сактоо операцияларына катышууну улантат жана Косоводогу катышуусун көбөйтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ноокаттагы селден жарандар эвакуацияланууда

Ноокаттагы катуу жүргөн селден улам Абшыр-Атада эс алып жүргөн 500гө жакын адам калып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, куткаруучулар аларды эвакуациялоо, издөө жана куткаруу иштерин улантышууда. Суунун аркы бетинде болжол менен 1300 адам суудан өтө алышпай калгыны аныкталган. Мындан сырткары, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып […]

Сизге жагышы мүмкүн