Армения ЖККУну каржылоону токтотту

Автор

Армения ЖККУнун ишмердүүлүгүн каржылоону токтотот. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ани Бадалян билдирди: “Армения 2023-жылдын 23-ноябрындагы “ЖККУнун 2024-жылга бюджети жөнүндө” чечимге кошулуудан жана ошону менен уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоого катышуудан баш тартат»,-деди ал.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян февралда өлкөнүн ЖККУга катышуусу тоңдурулганын билдирген. Азербайжандын аскердик операциясынын натыйжасында Тоолуу Карабак Республикасы жоюлгандан кийин Пашинян ЖККУнун бир катар иш-чараларына катышкан эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу чуулгандуу билдирүү жасады

Экинчи дүйнөлүк согушта Сталинге каршы күрөшкөн АКШ жана Украина жеңишке жетишкен. Мындай маалыматы АКШнын басма сөз катчысы таратты. Ал журналисттин “эмне үчүн америка Украинадагы улуттук көрүнүштөр менен күрөшпөйт”,- деген суроосуна жооп берип жатып билдирген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн