Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары квотасынан баш тартуу чечимин кабыл алды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ваан Хунаняндын айтымында бийлиги ЖККУга тиешелүү сунуш жөнөттү.
Бул чечимдин себептери айтыла элек.
ЖККУга алты мамлекет, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.