21-июнда Армениянын Улуттук жыйынында өлкөнүн Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча референдум өткөрүү жөнүндө угуулар өтөт. Демилге жарандык коомдун өкүлдөрүнөн жана «Демократиялык күчтөр платформасынан» түшкөн. Комиссиянын жетекчиси Арман Егоян жана комиссия мүчөлөрү бул демилгени колдошту. Армениянын ТИМ башчысы Арарат Мирзоян акыркы жылдардагы кыйынчылыктардан улам Евробиримдикке мүчөлүк активдүү талкууланып жатканын билдирди.