Армения Казанда өтө турган БРИКС саммитине катышат. Бул тууралуу Армениянын Тышкы иштер министринин орун басары Мнацакан Сафарян билдирди. Анын айтымында, Армения 2024-жылдын октябрында өтө турган саммитке катышат.
БРИКСтин саммити Казанда 22-24-октябрда өтөт. Россия эл аралык иштер боюнча президенттин жардамчысы Юрий Ушаковдун маалыматы боюнча иш-чарага 36 чет элдик лидерди чакырып, алардын 18и катышууга макулдук берген.
БРИКСке Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка, БАЭ, Иран, Египет жана Эфиопия кирет.