Вюрцбург университетинин немис изилдөөчүлөрү Армениянын Армаш айылына жакын жерге келишкен. Ал жерде алар Марска болочок миссиялар үчүн скафандрларды жана роботторду сынашат. Аймак кокусунан тандалып алынган эмес – аймактын топологиясы Марстын рельефине окшош.
План боюнча алты адам эки аял жана төрт эркек текшерүүдөн өтөт. Алар Марстын шарттарында колдонууга арналган роботтук механизмдерди жана скафандрларды сынашат. Ар бир скафандрдын салмагы болжол менен 50 кг, аны толугу менен кийгизип, жабдууларды туташтыруу үчүн 2-3 саат талап кылынат.
Иш-чаралар апрелдин башына чейин уланат. Аларга 25 өлкөдөн 200гө жакын изилдөөчүлөр катышууда.