Арменияда Евробиримдикке кошулуу үчүн кол топтоо башталат

Автор

Арменияда Евробиримдикке кошулуу маселеси боюнча кол топтоо расмий түрдө 16-сентябрда башталды. Бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы демилгелүү топту түзүүгө макулдук берди. БШК кол топтоо 16-сентябрдан 14-ноябрга чейин өтүшү керек деп чечти. Мыйзам долбоорун Улуттук жыйындын кароосуна киргизүү үчүн өлкөнүн 50 миң жаранынын колу керек.
11-сентябрда комиссия Армения Республикасынын Евробиримдикке кошулуу процессин баштоо жөнүндө мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна чыгаруу үчүн демилгелүү топ түзүү сунушуна макулдук берген. Демилгелүү топтун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-2019-жылдары Армениянын юстиция министри болуп иштеген «Республика» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Артак Зейналян дайындалды.
Эгерде демилгелүү топ муну ишке ашыра алса, бирок депутаттар мыйзам долбоорун жактырбаса, анда армян мыйзамдарына ылайык мыйзам долбоорун референдумга алып чыгуу үчүн кол топтоо каралган. Бул үчүн 300 миң кол топтоо талап кылынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курамасын 1-ноябрда беттешүүгө чакырды

Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрда өтө турган «Биримдик» кубогуна чакырды. Кыргызстандын Көк Бөрү федерациясы «Биримдик» кубогуна арналган беттешке Казак улакчыларын чакырып, расмий кат жөнөттү. Федерация 8-сентябрда бүткүл дүйнөлүк Кокпар ассоциациясы менен Эл аралык Көкбөрү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу […]

Сизге жагышы мүмкүн