Араванда пара алып жаткан подполковник кармалды

Автор

Ош облусунун Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайын башкаруу боюнча жетекчинин орун басары, милициянын подполковниги 120 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, УКМКга жергиликтүү тургундардын бири Араван райондук ИИБнын кызматкерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Андан Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жаткан уулуна карата эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган бөгөт чарасын тандоого көмөктөшүү үчүн 150 миң сом акча сурашкан.
Атайын кызмат өлкө жетекчилиги жана мамлекеттик комитет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка карабастан, айрым милиция кызматкерлери кызматтык кызыкчылыгына каршы келген мыйзамсыз аракеттерин улантып жатканын билдирди.
Сузак РИИБнин жаңы имаратынын ачылышында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын негизги милдети элдин ишенимин актоо, мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулукту азайтуу экендигин белгилеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жылдын символикалык командасы: Талапкерлердин арасында Месси менен Роналду да бар

Профессионалдуу футболчулардын ассоциацияларынын эл аралык федерациясы (FIFP) жылдын символикалык командасына талапкерлерди жарыялады. «Спорт-Экспресс» билдиргендей, тизмеге жалпысынан 26 оюнчу кирген. Талапкерлер оюнчулардын добуш берүүсү менен аныкталды. Алардын арасында “Интер Майами” клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси, ошондой эле “Аль-Насрдын” португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду да бар. Жылдын командасына кирүү үчүн талапкерлердин тизмеси: Дарбазачылар: […]

Сизге жагышы мүмкүн