Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин аракеттерин эл аралык иликтөөгө чакырды

Автор

Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Израилдин Газа тилкесиндеги аракеттерин көз карандысыз эл аралык иликтөөнү талап кылышты. Бул тууралуу Манамада өткөн Араб мамлекеттеринин лигасынын саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган билдирүүдө айтылат.
“Биз көз карандысыз жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн тиешелүү эл аралык механизмдердин ролун күчөтүүгө, ошондой эле Израилдин Газа тилкесинде агрессиясы башталгандан бери Палестина элине каршы жасалган кылмыштар үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырабыз»,-деп айтылат документте.

Бөлүшүү:
Next Post

Акжол Махмудовдун Олимпиададагы атаандаштары кимдер? (тизме)

Грек-рим балбаны Акжол Махмудовдун Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштарынын аттары белгилүү болду. Париждеги Олимпиадага 77 кг салмакта жолдомо алган балбандар: 1. Кыргызстан – Акжол Махмудов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, […]

Сизге жагышы мүмкүн