11-ноябрда Сауд Аравиянын борборунда Араб мамлекеттери лигасынын кеңешинин жогорку деңгээлдеги кезексиз жыйыны өтөт.
Эр-Рияддагы жолугушууда 7-октябрдан бери курчуп кеткен Палестина-Израиль чатагы талкууланары белгиленген.
Араб мамлекеттери лигасынын Башкы катчылыгы Палестинадан да, Сауд Арабия Королдугунан да иш-чараны өткөрүү боюнча суроо-талаптар түшкөнүн ырастады. Саммитке Сауд Арабия төрагалык кылат.