Апта башынан бери көчөдө 600 адам жабыркады

Автор

Астанада ушул аптада аба ырайы татаал болуп, жаракат алгандардын саны көбөйгөнүн шаардык саламаттыкты сактоо департаменти билдирди.
“12-февралдан бери борбор калаанын тез жардам борборлоруна 1300дөй адам кайрылса, алардын 600дөн ашыгы көчөдө жаракат алган»,-деп айтылат маалыматта. Саламаттыкты сактоо департаменти айрыкча 12-13-февралда жабыркагандар көп болгонун баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Жемиштүү жолугушуу болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Алар, кыргыз-орус соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо багытында сөз кылышып, энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда да биргеликте иш алып баруу жагын талкуулашты. Жолугушуу Москва шаарында болуп өттү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн