Аптанын икиясы: Эшек менен сүйлөшпө!

Автор

Эшек жолборско айтат:

– “Чөп, жалбырактардын түсү көк болот.”

Жолборс  жооп берет:

– “Жок, чөптөр жашыл болот!”

Анан талаш-тартыш жаралып, ортодогу пикир келишпестиктерди чечүү үчүн Токой падышасы арстанга барышат.

Алар  тактыда отурган Токой падышасы арстанга  жете электе эле эшек кыйкырып, айгай сала баштайт:

 

– “Улуу урматтуу падышам, чөптөр көк болот туурабы,  чынбы?”

Арстан  – “Туура, чөп, жалбырактардын түсү  көк болот”, -деп жооп берет

Эшек сүйүнүп, сөзүн улады:

– Жолборс  болсо мени менен талашып  макул болбой, каршы чыгып, кыжырымды келтирет жатат!  Жаза бериңизчи.

Анда Айбанаттардын падышасы жар салды:

– “Жолборска 5 жыл унчукпоо жазасын берем!”

Эшек сүйүнүп ордунан ыргып турду да, канааттанган бойдон басып кетти:

– “Чөптөр көк болот, көк болот…”…

Жолборс  жазасын кабыл алып, Токой падышасы  арстандан сурайт:

– Урматтуу падышам, эмне үчүн мени жазаладыңыз? Чөптөр  жашыл  болот эмеспи?”

Арстан  жооп берди:

– “Чындыгында, чөптөр  жашыл болот.”

Жолборс таң кылып:

-Анда эмнеге мени жазалап жатасыз?

Арстан жооп берди:

– “Бул жазанын  чөптүн кайсынысы көк же жашыл деген суроого эч кандай тиешеси жок. Жазанын себеби , сендей эр жүрөк, акылдуу жаныбар эшек  менен талашып, убакытты текке кетирип, анан мага ушул суроо менен келгендигиңде болууда”.

Эң жаманы убакытты текке кетирүү – бул акылсыз, акмак  менен талашып-тартышуу,  эшекке  чындык да, тууралык да маанилүү эмес, анын ишеними жана  жеңиши гана маанилүү. Эч качан күлкүлүү талаш-тартыштарга убакыт коротпоңуз…. Кээ бир адамдарга канчалык далилдер, күбөлөр  көрсөтсө деле  түшүнө албай, жек көрүү, кемсинтүү менен сокур болуп калышкан.  Алардын каалганы эле жалган, калп болсо да  кардай ак, акыйкат туура болууну каалашат .

Надандык айгай салып  кыйкырганда, Акыл унчукпайт.

Бөлүшүү:
Next Post

 АИ-95 үлгүсүндөгү бензин тартыш болуудабы?

Бишкек жана аймактарда Аи-95​ үлгүсүндөгү бензин дээрлик жок болууда. Кээ бир маалымаи агенттиктери  жазгандай, күйүүчү майдын бул түрүнүн жетишсиздиги жайында эле байкалып баштаган. Учурда Аи-95 бензини ири май куюу тармактарында эле бар. Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов чындыгында  эле мындай маселе бар экендигин белгилеп, бул Орусияда отун жетишсиздигине байланыштуу […]

Сизге жагышы мүмкүн