Күндөрдүн биринде, ата – бала эшегин минип, жакынкы айылдарга сапар алышат. Биринчи айылдан эшегине экөөсү тең минип өтүп баратышса, көрүп турган элдер айтышат.
– Акмактар, экөөлөп минип алып ,эшегин аяшса боло дешет.
Кийинки айылга келгенде, эшегин баласы минип, атасы жетелеп алат. Аны көргөн элдер:
– Атасын аябаган кандай акмак бала дешиптир.
Үчүнчү айылга барганда эшегин атасы минип, баласы жөө баратса, анда да айтышыптыр:
– жаш баланы аябаган кандай карыя деп.
Андан кийинки айылга барып, экөөсү тең жөө, эшегин жетелеп алышса, эшек турса жөө басканы кызык деп жемелешет.
Ошондо атасы уулуна айткан экен . Ар дайым желкеңде өзүңдүн башың, эркин пикириң болсун уулум! Башка бирөөлөргө жагынам десең, алардын ою менен болом десең ушинтип акмак бойдон жүрө бересиң деген экен.