Бир күнү зоопарктагы пилдердин жанынан өтүп баратып, бир нерсени байкадым. Килтейген пил саяктуу чоң жандыктарды зоопаркта алдыңкы бутуна ичке жип менен жетелеп алышканына таң калдым. Чынжыр жок, капас жок…
Пилдер байланган ичке жиптен оңой эле кутулуп кетээри көрүнүп турду, бирок эмнегедир алар бошонуп, качышкан жок. Мен ээсине жакындап, мындай кереметтүү жана кооз жаныбарлар эмне үчүн ошол жерде туруп, боштондукка чыгууга аракет кылышкан жок деп сурадым. Ал мындай деп жооп берди: «Алар кичине кезинде, ушул ичке жип менен байлап койгонбуз. Эми чоңоюп калганда деле аларды кармоого ушул эле жиптер жетет. Чоңойсо деле алар бул аркан кармап калаарына ишенишет жана качууга аракет кылышпайт» -деди.
Бул укмуш, таң калыштуу эле. Бул айбандар каалаган учурда «кишенден» кутула алмак, бирок кутула албастыгына ишенгендиктен, бошонууга аракет кылбастан, түбөлүккө ошол жерде калышкан.
Ушул пилдерге окшоп, канчалаган адамдар бир күнү ишке ашпай калган кыялдарынын айынан, бир нерсе кыла албайбыз деп ишенишет.