Аптанын икиясы: Байлык жөнүндө

Автор

Бир жаш жигит жашоосуна дайыма нааразы болуп:
– Эмне үчүн мен мынчалык жеңилип калдым? Башкалардын унаалары, батири, жакшы билими бар, а менде жок?.. өмүр өтүп баратат! Бирок мен жашмын жана күчтүүмүн…
Бир күнү анын кыңылдап, нааразы болгон үнүн өтүп бара жаткан карыя угуп калып:
– Миллион үчүн бутуңду, жада калса колуңду да кесип салышса макул болосуңбу? – деп сурады, ал токтой калып:
– Албетте жок!
– Же көзүңдү бересиңби?
– 10 миллионго да макул эмесмин! – деп кыйкырып жиберди жигит.
– “Мына көрдүңбү! Сенде 10 миллионго сатып албай турган нерселериң бар, а сен кыңылдап, онтоп, жаман ийгиликке, жакырчылыкка нааразы болуп жатасың. Колдо болгон байлыкты туура башкарууну үйрөн”,- деп айтат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жайкы дөңгөлөк менен жүргөндөргө айып пул салынат

Казакстанда 1-декабрдан тарта айдоочуларга кышында жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөндөргө 18,4 миң теңге (35 доллар) өлчөмүндө айып пул салынат. Алматы шаарынын административдик полиция башкармалыгынын маалыматына караганда эрежени кайрадан бузган учурда 73,8 миң теңге же 142 доллар өлчөмүндө айып пул салынат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн