Аптанын икиясы: Байлык жөнүндө

Автор

Бир жаш жигит жашоосуна дайыма нааразы болуп:
– Эмне үчүн мен мынчалык жеңилип калдым? Башкалардын унаалары, батири, жакшы билими бар, а менде жок?.. өмүр өтүп баратат! Бирок мен жашмын жана күчтүүмүн…
Бир күнү анын кыңылдап, нааразы болгон үнүн өтүп бара жаткан карыя угуп калып:
– Миллион үчүн бутуңду, жада калса колуңду да кесип салышса макул болосуңбу? – деп сурады, ал токтой калып:
– Албетте жок!
– Же көзүңдү?
– 10 миллионго да макул эмесмин! – деп кыйкырып жиберди жигит.
– “Мына көрдүңбү! Сенде 10 миллионго сатып албай турган нерселериң бар, а сен кыңылдап, онтоп, жаман ийгиликке, жакырчылыкка нааразы болуп жатасың. Колдо болгон байлыкты туура башкарууну үйрөн”,- деп айтат.

Бөлүшүү:
Next Post

Түштүк Корея: Президентти камакка алуу жагы каралууда

Түштүк Кореянын жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерине каршы коррупциялык иштерди иликтөө башкармалыгы козголоң ишин иликтөө алкагында өлкө президенти Юн Сок Ёлду камакка алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыккан. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги билдирди. Прокуратура буга чейин мамлекет башчысына бул иш боюнча шектүү макамын берген. Ошол эле учурда улуттук полиция Юнга өткөн аптада өлкөдө […]

Сизге жагышы мүмкүн