Аптанын икиясы: Адамдын ичиндеги эки карышкыр жөнүндө

Автор

Бир күнү карыя индеец небересине бир жашоонун чындыгын ачып берди:
Ар бир адамдын ичинде эки карышкырдын күрөшү жүрүп жатат. Бир карышкыр жамандыкты билдирет: көрө албастык, кызганыч, өкүнүч, өзүмчүлдүк, амбиция, жалган… Экинчи карышкыр жакшылыкты билдирет: тынчтык, сүйүү, үмүт, боорукердик, чындык, берилгендик… Кичинекей индеец чоң атасынын сөздөрүнөн терең таасирленип, ойлонуп туруп сурады:
Акырында кайсы карышкыр жеңет? Карыя индеец жылмайып жооп берди:
Ар дайым сен багып жаткан карышкыр жеңет.

Абдывахап Нурбаевдин баракчасынын алдынды

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Сибирь ЖОЖдоруна Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынды

2024-2025-окуу жылына карата Сибирь жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 199 абитуриент кабыл алынып, алардын ичинен 195и бюджеттик окутуу формасына өткөн. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле Омск жана Томск шаарларындагы ардактуу консулдарынын жардамы менен ишке ашкан. Кыргызстандык абитуриенттер Сибирдеги төмөнкү жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн