Бир күнү үч бир тууган Бакыттын чуңкурда отурганын көрүшөт. Анан улуусу чуңкурга жакындап, Бакыттан акча сурайт. Бакыт ага акча берип, бактылуу болуп кетет. Экинчиси болсо өзүнө сулуу аял сурады. Ал дагы дароо сулуу аялы менен кошо качып кетти.
Үчүнчү бир тууган чуңкурга эңкейди:
– Сага эмне керек? -деп Бакыт сурады.
-Мага эч нерсе, сага эмне керек? – деп сурады кичүү бир тууган.
– Мени бул жерден чыгар – деп сурады Бакыт.
Ал колун сунуп, Бакытты тешиктен сууруп чыгып, бурулуп басып кетет. Анан Бакыт анын артынан ээрчип келди…