Күндөрдүн биринде балдары энесине келип, өз ара талашып-тартышып жаткан суроону чечмелеп берүүсүн айтышат.
Балдары энесинен кимисин артык сүйөөрүн сурашат.
Энеси унчукпай шамды жандырып, айта баштайт. Мына бул шам – менмин! Анын оту менин сүйүүм. Анан дагы бир шамды алып, өз шамы менен тутантып, күйгүздү.
– Бул менин тун уулум, мен ага отумду, сүйүүмдү бердим. Мен бергеним үчүн шамымдын оту кичирейип кеттиби? Көрдүңөрбү, менин шамымдын оту ошол бойдон калды…
Энеси канча балалуу болсо, ошончо шамды жандырды… Ошентип, энесинин шамынын оту баарына бирдей жалындап, жайнап, чоң жана жылуу бойдон калды…