Бир кездерде китеп дүкөнү өрттөнүп , бир гана кол жазма сакталып калыптыр. Көп жылдар боюу китеп дүкөнүнө үңүлүп, ага эч ким көңүл бурган эмес. Кийин дүкөндүн ээси алмашат.
Ал түрмөктөрдү, китептерди, кол жазмаларды иреттеп, керексиз нерселерден арыла баштайт. Анан эски кол жазманы ыргытып жиберет. Ал кокусунан өтүп бара жаткан бир кайырчынын колуна түшүп калат. Кайырчы жылынуу үчүн от жагып жатып, адегенде анда эмне жазылганын окуп көрөт.
Ал эми кол жазмада мындай болгон: «Деңиз жээгинен ысык ташты тапкан адам, жашоодогу кыялдарынын баарын табат».
Кайырчы эмнем кетип атыптыр деп деңизге барат. Ал таш артынан ташты терет, бирок алар муздак болуп, адам аларды толкунга ыргыта берет. Ошентип күндөр, жумалар, айлар, жылдар өтөт…
Анан бир күнү кайырчынын колу ысык ташка тийип калды. Аны көтөрүп алып, адатынча деңизге ыргытып жиберди.
Жашообуз деңиз жээгиндей күн өткөн сайын тагдырыбыз, таалайыбызды издейбиз.
Бирок көп учурда издегенибизди тапсак деле, көнүп калгандыктан издеп таппай өтүп кетебиз…Ошентип гана изденип кете беребиз…