Эки дос чөлдө урушуп, бири экинчисин чаап жиберет. Жаагы ооруган досу эч нерсе дебей, кумга: «Бүгүн эң жакын досум мени жаака чаап жиберди», – деп жазат.
Алар жолун улантып, чарчап -чаалыгып көлмөгө келишет. Көлмө терең болгондуктан жаака жеген досу чөгүп кете жаздады, аны досу куткарып калды. Эсине келгенде ташка: “Бүгүн менин эң жакын досум өмүрүмдү сактап калды” деп жазат.
Досунун өмүрүн сактап калган киши андан: «Мен сени таарынтканда кумга жазгансың, эми эмнеге ташка жаздың» деп сурайт. Досу: «Кимдир бирөө бизди таарынтканда, аны шамал өчүрүшү үчүн кумга жазып коюшубуз керек», – деп жооп берди. Бирок кимдир бирөө жакшылык кылса, аны эч кандай шамал өчүрбөшү үчүн ташка чегишибиз керек.
Таарынычты кумга жазып, кубанычты ташка чегип үйрөнгүлө!