Жаздын бир күнүндө небереси менен чоң атасы бакчадагы отоо чөптөрдү тазалап жүрүшкөн. Бир маалда бала: “Чоң ата, эмне үчүн биз айдабаган чөптөр мынчалык жакшы өсөт, а биздин эгип, айдагандарыбыз болсо биздин карообузга, камкордугубузга муктаж болушат?”, -деп сурады.
Анда чоң атасы – “Мына, неберем, өз байкооңдун аркасында сен өзүң үчүн маанилүү ачылыш жасадың: адам үчүн баалуу жана маанилүү нерселердин баары андан көп күч-аракетти талап кылат, ал эми зыяндуу жана керексиз нерселер өзүнөн – өзү өсүп чыгат”, -деп жооп берет.