Аптанын икаясы: Дарактын бутагы

Автор

Жолдун боюнда бутагы ийилген куураган дарак турган. Түнкүсүн анын жанынан ууру өтүп баратып, катуу чочуп кетти. Анын көзүнө алдыдага дарактын бутагы милиция болуп көрүндү. Бир убакта карт дарактын жанынан жигит өтүп баратып, жүрөгү катуу согуп, бети албырып кетти. Анын көзүнө сүйгөн кызы көрүндү.
Ал эми жомок окуп, таасирленип келаткан бала дарактын бутагын көрүп, ыйлап жиберди. Анын көзүнө арбак көрүндү.
Бирок, бардык учурда бул жөн эле дарактын бутагы болчу. Биз дүйнөнү өзүбүз кандай болсок, ошондой көрөбүз…
Орузчадан оодарган М.Исатов

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы дарыгерлерге чектөө киргизүү сунушталды. Ал эмне?

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлерин кошумча жеке менчик медициналык клиникаларда иштөөгө тыюу салууну айтууда. Буга байланыштуу атайын мыйзамды социалдык саясат боюнча комитетке сунуштады. “Бул мыйзамга жөнөкөй дарыгерлер кирбейт. Биз башкы дарыгерлердин жоопкерчилигин карап жатабыз. Алар түздөн түз өз милдеттерин аткарышы керек. Мекемелерин өнүктүрүүгө эч кандай тоскоолдук […]

Сизге жагышы мүмкүн