Аптанын икаясы: Бүркүт жана карга

Автор

Куштардын мырзасы болгон бүркүттү табиятта бир гана карга чокуй алат. Карга бүркүттүн үстүнө чыгып, мойнунан тумшугу менен бекем тиштеп, коё бербейт. Бирок, бүркүт аны силкип түшүргөнгө же ал менен согушканга аракет кылбайт, убактысын жана күчүн да кетирбейт. Жөн гана канатын жайып асманга учат. Канчалык бийиктеген сайын, карганын дем алуусу начарлайт. Акыры бийиктик үчүн жаралбаган байкуш карга ылдый көздөй кулайт.
Адам баласы өз максатына жетүү үчүн бирөө менен талашып-тартышып убактысын, күчүн бекер эле коротпоосу керек. Бирөөгө бир нерсени далилдейм деп да аракет кылуунун кажети жок. Жөн гана алдыга көздөй учуп, бийиктиктерди багынта бериңиз, сизге жабышкан-илешкендер өздөрү эле жок болот.
Которгон Нуриет Абдулазиз

Бөлүшүү:
Next Post

Украина Россиянын стратегиялык авиациясынын активдүүлүгүн эскертти

Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Аба күчтөрү Россиянын стратегиялык авиациясынын активдүүлүгү тууралуу эскертүү берип жатат. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу Күчтөрү Telegram аркылуу билдиришти. «Россиянын аба мейкиндигинде 11 Ту-95МС учагынын активдүүлүгү байкалды! Ракеталык коркунуч же канаттуу ракеталардын атылышы болсо, кошумча билдиребиз»,-деп айтылат билдирүүдө. Стратегиялык бомбалоочулар Ту-95МС канаттуу ракеталардын алып жүрүүчүсү болушу мүмкүн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн