Аптанасаат: Өмүрүңдү өкүнүч менен өткөрбө…

Автор

Австралиялык жазуучу Бронни Вер узак жылдар бою өлүм алдында жаткан ноокастарды караган ооруканада медайым болуп иштеген.
Ал адамдардын соңку сааттарында айткан сөздөрүнүн баарын кагазга жазып жүргөн. Жыйынтыгында “Өмүрдөн өтүп аткан жандын беш өкүнүчү” деген китеп чыгарат.
Ал китеп ааламдык бестселлерге айланат. Жарык дүйнө менен коштошоордо адамдын өзөгүн өрттөгөн өкүнүчтөр булар экен:
1.Убактымдын көп бөлүгүн жумушта өткөргөнүмө өкүнөм…..
2. Өзүмдүн максаттарымдын алдында коркоктук кылганыма өкүнөм…
3. Чыныгы сезимдеримди ачык айтып калбаганыма өкүнөм…
4. Досторум менен көп убакыт өткөрбөгөнүмө өкүнөм…
5. Бактылуу болуума өзүмө мүмкүндүк бербегениме өкүнөм…
6. Эл эмне дейт деген сөздөн чыга албаганыма өкүнөм…
7. Убайым боло бергениме өкүнөм…
8. Өзүмө аз камкордук көргөнүмө өкүнөм…
9. Өмүрдү баалабаганыма, дайыма ушундай жакшы боло берчүдөй ойлогонума өкүнөм…
10. Учур чакты сезип өмүр сүрбөгөнүмө өкүнөм…
Которгон Рахат Култай

Бөлүшүү:
Next Post

Сырдан кандай тамактар жасалат? Сунуштар

Бүгүн сырдан жасай турган бир нече даамдуу тамактарды сунуштайбыз: 1. Сыр кошулган омлет: Омлеттин арасына кырылган сыр салып, көк чөптөр менен кооздоп, жеңил жана даамдуу эртең мененки тамак даярдасаңыз болот. 2. Сыр кошулган пицца: Даяр нан же жука камырдын үстүнө томат соусун сүйкөп, ар кандай жашылчаларды жана сырды кошуп бышырып […]

Сизге жагышы мүмкүн