Аптанасаат: Эне жөнүндө сөз

Автор

Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылган эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн менен баарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан “Эне” деген сөз “Жарык күн” деген маанини туюндуруп келет.
Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрмандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш келгендей боломун. Кыялымдан шашкалактап күрү-күү түшкөн турмуш агымы оолактап кетет. Кандайдыр бир түбөлүктүү дүйнө менен баарлашып калгандай сезем өзүмдү. Ылайым, балпайган ак чач энелер жергебизде көп болсо экен.
Эгемберди Эрматов

Эне сыйлаган элине жагат:
Бейиш энелердин таманында (Хадис)
Эне — ажалга дайыма каршы (М.Горький)
Эне бар кезде балалыктан арылуу жок (С. Жейет)
Улуттун келечеги энелердин колунда. (О. Бальзак)

Бөлүшүү:
Next Post

Дарбыздын пайдалары

Дарбыз – ашкабак үй-бүлөсүнө таандык чоң, ширелүү мөмө. Алгач Африкадан келген дарбыз сергитерлик даамы жана суусу көп болгондуктан дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ болгон. Калың жашыл теринин ичинде А жана С витаминдерине бай ачык кызыл же кызгылт эт, ошондой эле антиоксидант ликопен. Дарбыздын пайдалуу касиеттери: Гидратация: Дарбыз 90% суудан турат, […]

Сизге жагышы мүмкүн