Аптанасаат: Эне жөнүндө сөз

Автор

Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылган эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн менен баарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан “Эне” деген сөз “Жарык күн” деген маанини туюндуруп келет.

Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрмандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш келгендей боломун. Кыялымдан шашкалактап күрү-күү түшкөн турмуш агымы оолактап кетет. Кандайдыр бир түбөлүктүү дүйнө менен баарлашып калгандай сезем өзүмдү.  Ылайым, балпайган  ак чач энелер жергебизде көп болсо экен.

Эгемберди Эрматов

 

Эне сыйлаган элине жагат:

Бейиш энелердин таманында (Хадис)

Эне — ажалга дайыма каршы (М.Горький)

Эне бар кезде балалыктан арылуу жок (С. Жейет)

Улуттун келечеги энелердин колунда. (О. Бальзак)

Бөлүшүү:
Next Post

Үчүнчү күн катары менен премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылышууда

Еревандагы Республика аянтында Армениянын өкмөт үйүнүн алдында 21-сентябрда кечинде премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган ири нааразылык акциясы өттү. Митингчилер өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, ал жерден бир нече топко бөлүнүп, шаардын көчөлөрүн аралай башташты. Алар жолдорду тосууга киришти, полиция камакка алды. Жөө жүрүштөн кийин активисттер өкмөткө кайтып келишти, ал […]

Сизге жагышы мүмкүн