Аптанасаат: Уяттуулук жөнүндө сөз

Автор

Уят жөнүндө түшүнүк эне сүтү менен кошулуп бала кезден кан-жыныбызга сиңип кеткен нерсе. “Уят- өлүмдөн катуу”, “Уялбагандан өзүң уял” деген сыяктуу макалдар биз үчүн ыйык эреже болуп калган. Таалим-тарбиясы жетик адамдын калыптануусу уятына жараша болот. Уяты бар адамдан эч качан түңүлбөш керек. Андай адамдан жамандык күтпө, ал сага кыянаттык кылбайт, алдабайт, сатып кетпейт, эл алдыңда абийириңди төкпөйт. Анткени анын жан дүйнөсүн ошол уяты бекем кармап, адамкерчиликтин, ыймандын нуруна салып турат.
***
Уяттуулук – ыймандын бир бакубат бутагы. Бул бутактан айрылып калган адамдан жакшылык күтүү кыйын. Уятсыз адам эч качан Кудайдан коркпойт. Аны менен мамиле кылсаң, акыры эл алдында абийириң төгүлүп, шылдың болосуң. Ал сенин көзүңчө да, артыңдан да ашмалтайы чыккан жамандыктарды жасоодон кайра тартпайт. Сенин кадыр – баркыңа доо кетире турган ушак-айыңдарды таратып коюп,бети кызарбастан, уят- сыйытын жыйыштырып, эч нерсе болбогондой кайра жүз көрүшүп жүрө берет. Алла Тааланын каарына калган андай пендеде ийменүү, кымсынуу, сыпайыгерчилик деген түшүнүктөрдөн өзү таптакыр жок болот.
Эгемберди Эрматов жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Моямоя оорусунун белгилери жана себептери

Моямоя оорусу сейрек кездешүүчү, өнөкөт кан тамыр оорусу, мында мээни кан менен камсыз кылуучу негизги артериялар (айрыкча ички каротид артериялары) тарылып, толугу менен жабылып калышы мүмкүн. “Моямоя” аталышы жапон тилинен келип чыккан жана “түтүн булуту” дегенди билдирет. Анткени бул оорунун кан тамырларынын ангиограммалары мүнөздүү көрүнүштү – кандын жетишсиздигин толтурууга аракет […]

You May Like