Аптанасаат: Сөз жөнүндө сөз

Автор

Сөз-жан дүйнөнүн күзгүсү дешет. Руханий дүйнөсү бай адамдын сөзү уккулуктуу, мааниси терең ,көркөмдүү чыгат. Жүрөгүңдү толкундатып, сезимиңди сергитип, кыялыңды көкөлөтүп учурат. Акылыңа азык болуп берет. Канчалык уксаң дагы тойбойсуң . Бул Алла Тааланын пендесине берген улуу шыбагасы.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын сөз өнөрүнө карата айтылган керемет хадистери бар. Алардын маани-маңызына назар салсак не деген осуяттарга туш келебиз. Маселен, адамдын сулуулугу анын тилинен билинет: Алла Тааланын ою боюнча эң жакшы сөз – туура сөз: Алла Таала үч нерсени жактырат: аз сүйлөгөндү, аз уктаганды, аз жегенди; чын сүйлөө жакшылыкка, ал эми жакшылык бейишке баштайт; калп сөз – сөздүн апааты сыяктуу осуят сөздөр ар бир адам үчүн мыйзам болушу керек. Бирок биз ошолорду аткарып жатабызбы?
Эгемберди Эрматов жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Телеграмдын ээси камакка алынгандан кийинки биринчи билдирүүсүн жарыялады

Павел Дуров Telegram тармагында Францияда кармалышы боюнча билдирүү жарыялады. Ал Франция бийлигинин суроолорун “таң калыштуу” деп атады. Ошондой эле терроризм менен күрөшүү үчүн Telegram менен Париждин ортосунда линия түзүүгө жеке өзү көмөктөшкөнүн баса белгиледи. “Кээ бир ММКлардын Telegram кандайдыр бир анархиялык жай экендиги тууралуу билдирүүлөрү таптакыр чындыкка дал келбейт. Күн […]

Сизге жагышы мүмкүн