Аптанасаат: Сөз жөнүндө сөз

Автор

Сөз-жан дүйнөнүн күзгүсү дешет. Руханий дүйнөсү бай адамдын сөзү уккулуктуу, мааниси терең ,көркөмдүү чыгат. Жүрөгүңдү толкундатып, сезимиңди сергитип, кыялыңды көкөлөтүп учурат. Акылыңа азык болуп берет. Канчалык уксаң дагы тойбойсуң . Бул Алла Тааланын пендесине берген улуу шыбагасы.
Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламдын сөз өнөрүнө карата айтылган керемет хадистери бар. Алардын маани-маңызына назар салсак не деген осуяттарга туш келебиз. Маселен, адамдын сулуулугу анын тилинен билинет: Алла Тааланын ою боюнча эң жакшы сөз – туура сөз: Алла Таала үч нерсени жактырат: аз сүйлөгөндү, аз уктаганды, аз жегенди; чын сүйлөө жакшылыкка, ал эми жакшылык бейишке баштайт; калп сөз – сөздүн апааты сыяктуу осуят сөздөр ар бир адам үчүн мыйзам болушу керек. Бирок биз ошолорду аткарып жатабызбы?
Эгемберди Эрматов жазуучу

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө жаңы жетекчи дайындады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Александр Сирсскийди Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы кылып дайындады. Ага чейин Сырский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы күчтөрүнүн командачысы болуп иштеген. Ошол эле учурда Зеленский экс-башкы командачы Валерий Залужныйга эки жылдык кызматташтыгы жана согуш талаасында биргелешкен жеңиштери үчүн ыраазычылык билдирди. Мындан тышкары, украин президенти Залужныйды армия командирлеринин […]

Сизге жагышы мүмкүн