Аптанасаат: Садыр аке айткан дүйнөдөгү үч артыкчылык

Автор

Садыр аке айткан дүйнөдөгү үч артыкчылык кайсылар?
“Тирүүчүлүктө бетке көө сүйкөнбөй, адамга тик карап, ак жүргөндөн артык нерсе болчубу? Бул жарык дүйнөдө үч артыкчылык бар. Биринчиси – өлгөндөн калган туяктын артыкчылыгы. Анткени артта калган туягың адамгерчиликтүү, сени жаманатты кылбай өссө, чоңоюп-чочойсо ысымың түбөлүктүү сакталып калары эп. Экинчиси – пайдасы жок падышанын ак сарайына караганда, кедей-кембагалдын куурай, чий калаган сайма алачыгы артык. Үчүнчүсү – элдин эмгегин кансыктатып жеген кажыган жолборстон көрө көп көзүнөн түнөк таппаган көр чычкан артык”.

Бөлүшүү:
Next Post

Макрон француз ракеталары менен Россияга чабуул жасоого уруксат берди

Франциянын президенти Эмманюэль Макрон француз ракеталары менен Россиянын аймагына чабуул жасоого уруксат бергенин ырастады. Макрон ошондой эле Мираж 2000-5 согуштук учактарын Украинага өткөрөрүн жарыялады. «Эртең биз жаңы кызматташууну баштайбыз жана Украинага өз жерин, аба мейкиндигин коргоого мүмкүндүк берген француз согуштук учагы Mirage 2000-5 берилээрин жарыялайбыз»,-деди француз президенти. Андан тышкары Париж […]

Сизге жагышы мүмкүн