Аптанасаат: Сабырдуулук жөнүндө

Автор

Кудай Тааланын токсон тогуз атынын бири – сабыр. Демек, сабырдуу болуу – актыкка жетүүчү жолду тандап алуу. Биз барга да, жокко да, ачка да, токко да сабыр-канаат кылуу менен адамдык аброюбузду түшүрбөй жүрүп ийгиликтерге жетишебиз. Бекеринен ата-бабаларыбыз: «Сабыр түбү сары алтын»,– деп айтпаган чыгар. Сабырдуу адам көп нерсеге жетишет. Оор басырыктуу, токтоо болот. Бирөөгө ойлонбой туруп сөз бербейт. Кызуукандыкка алдырбайт. Ушак-айың сөздөргө алынып кетпейт. Бирөөлөрдүн артынан кыянат сүйлөбөйт. Көп нерсеге кечиримдүү болот.

* * *

Сабыр кылсаң эккен көчөтүңдүн мөмөсүн жейсиң. Сабыр кылсаң алтын аяктан суу ичесиң. Сабыр кылсаң кучагың гүлгө толуп, эмгегиңдин үзүрүн көрөсүң. Сабыр кылсаң эч ким жеталбаган бийиктикке жетип, асманга колуңду тийгизесиң. Сабыр кылсаң жан дүйнөңдө сыйкырдуу ыргактар жаңырып, баскан жолуңа атыр гүлдөр төшөлөт.

* * *

Ката кетирбейин десең сабыр күт. Сабырдуулук даанышмандыктын белгиси. Караңгы туюкка кабылбайын десең сабыр күт. Сабырдуулук акылдын чырагы. Азгырыкка кирип кетпейин десең сабыр күт. Сабырдуулук – ыймандын күзгүсү.

 

Акын Эгемберди Эрматов

Бөлүшүү:
Next Post

U20: Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпионатында (U20) кыздар арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль тагынды. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты. Балбан Калмира Билимбек кызы 1/16 финалда өзбекстандык спортчуну 11:1 эсеби менен жеңип, 1/8 […]

Сизге жагышы мүмкүн