Сабыр деген эмне? Сабыр башка келген азаптарга чыдоо, кечилген күнөө, жамандан оолак болуу.
Сабыр – илимде болсун, ишкерликте болсун, деги эле кандай амал болбосун ишеничти актоо…
Сабыр – кыйынчылыкта жол таппай турганда бүгүлбөс сөйөнүч, жыгылбас таяныч…
Сабыр – жүрөккө чын ыкластуулук, жан дүйнөгө тынчтык ооруга даба…
Сабыр – ачуу келгенде тилдерге кишен , шайтанга калкандыр…
Сабыр – көңүлдү көтөрө турган кубаныч…
Сабыр – адамзатка сулуулук берген адеп -ахлак…
Сабыр – ибадатка бекемдүүлүк, бейишке жеткизип, тозоктон кутулуу…
Сабыр – ыймандын нуру, Аллах Таалага жакын болуу…
Сабыр – Аллах Тааланын ырахматы жана берекети…
Сабыр – эң негизгиси мусулмандын ажайып кулк-мүнөзү …!