Аптанасаат: Кытай макалдары

Автор

1. Жетишпеген жагыңды айткандан баары душманың эмес,
Мактагандын баары дос эмес.
2. Акырын жылгандан коркпо, ордуңда туруп калгандан корк.
3. Эгер тынчтыкты жакшы жагына өзгөртө албаса сүйлөбө.
4. Анчалык маанилүү эмес ишти тез бүтүр, а, эгер маанилүү болсо шашпай жаса.
5. Чоң дарыя тынч агат, акылдуу адам үнүн катуу чыгарбайт.
6. Туура эмес жол болот, бирок чечилбеген маселе болбойт.
7. Чындык дарыдай – ачуу болгону менен айыктырат.
8. Мугалимдер эшикти гана ачып берет, андан ары өзүңөр кетесиңер.
9. Лексиконуңдан “көйгөй” деген сөздү алып салсаң, андан ары ал өзү жок болот.
10. Узак ооруган адам врач болуп калат.
11. Баткакка түшкөн бриллиант жаркыраган бойдон калат, ал эми асманга көтөрүлгөн чаң, чаң бойдон эле калат.
12. Жуз жыл бою курулган, бир саатта урап түшөт.
13. Бир жылдык планды жазда, бир күндүк планды эрте менен түз.
14. Жакшы адамды көп жылдар бою араң табасын, бирок бир мүнөттө капа кылып алышың мүмкүн.
15. Жаман сөз – тилден оңой чыгат.
Кумар Кыпчактын баракчасынан

Бөлүшүү:
Next Post

Британиянын премьер-министри Путинге жооп берди: Россия Украинадагы согушту баштаган жана токтото алат

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Россиянын президенти Владимир Путиндин Батыштын ракеталык соккуларын Россияга карата олуттуу эскалация катары карай турганы жөнүндө айткандарына комментарий берди. «Бул конфликтти Россия баштаган. Россия мыйзамсыз түрдө Украинага басып кирген. Россия бул конфликтти дароо токтото алат. Украина өзүн коргоого укуктуу. Биз, албетте, Украинанын өзүн коргоо укугун толугу […]

Сизге жагышы мүмкүн