Математика илиминин атасы делген Харезмден сурашыптыр.
– Инсан эмне?
Харезм жооп бериптир:
– “Инсандын кулк-мүнөзү жакшы болсо 1, сулуу болсо, жогорудагы бирге нөлдү кош – 10, бай болсо, дагы бир нөлдү кош – 100, түбү жакшы болсо, дагы бир нөлдү кош – 1000 болот. Бирок, эң баштагы кулк-мүнөзү үчүн берилген 1 кетсе, инсандын баасы калбайт. Жалаң гана шыгыраган нөлдөр калат, алар болсо, эч нерсеге жарабайт”,- дептир.