Абу Жахил Исламга душмандыгы менен билинген адам эле. Ал бир күнү Азирети пайгамбардан сурады:
– Эй, Мухаммед! Сен чириген сөөктөрдүн кайра калыбына келип, тириле турганын айтып жатасыңбы?”
Азирети пайгамбар жооп бербеди. Акырын басып кетти. Үч күндөн кийин аят түштү. Аллах Таала аятында мындай деди:
– “Эй, Мухаммед!
Ким жоктон жаратып, жашоо берген болсо, кайрадан ошол тирилтет де”.