– Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды жаркын нурга белеген күн өлбөйт дейт, чынбы?
– Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басат – өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра жок булактын көзүн муз басса, суу өлбөгөндө не болду. Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт – күн өлбөгөндө не болду.
– Андай болсо, атасы өлгөн не болот?
– Атасы өлгөн аскар-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын агартып, кузгундай көзүн кызартып, кыйналганда дем берип, төрдө отурса атакең – аскар зоо болбогондо не.
– Энеси өлгөн не болот?
– Энеси өлгөн – элин жоо чапкан менен тең болот. Каргадайдан чоңойтуп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, көлөкөңдөн айланса – эл болбосо не болот.
– Баласы өлгөн не болот?
– Өзөгүн өрт алган менен тең болот. «Ата» деп турса келгенде, «атаке» десе өлгөндө, жүрөгүңдү жылытып, эркелеп турса көргөндө – өзөк болбой не болду. Өрттөнгөн өзөк-тукум жок, өчкөнү болот отундун.
– Катыны өлгөн не болот?
– Аял-эрдин учса канаты, консо куйругу болот. «Эр эгиз» деп эрди-катынды айтат.
– Атасы өлсө – жетим дейт, баласы өлсө – как баш дейт, катыны өлсө жесир дейт. Карыганда жесирликти аял-эркекке бербесин.