Миң жыл жашаган Нух пайгамбар айткан экен: ” Ушунча өмүрүм, үйдүн бул эшигинен кирип, тиги эшигинен чыккандай эле болду.”
Муса пайгамбар Жараткандан; ” Оо, Жаратканым, пенделериңдин арасынан досторуңду айтчы, мен аларды Сен үчүн жакшы көрөйүн” деп сураганда, Алла Таала:
“Бардык кедейлер, кедейлер” деген тура.
Мухаммад пайгамбарыбыз (Аллахтын дубай саламдары болсун) айткан экен:
” Кимде -ким туруктуулук менен күнөөлөрүнө өкүнүп тооба кылууну улантса, Алла аны ар кандай кайгыдан кутултуп күтпөгөн жерден ырыскы берет”
⠀Азирети Али айткан экен: ” Дүнүйөнүн адалы- сурак, арамы болсо- жан кейиткен азап”