Диоген чынчыл жана жөнөкөй жашоого чоң маани берген, тилекке каршы, ал өз мекендештеринин арасында мындай сапаттарды азыраак байкаган.
Диогендин замандаштарынын эскерүүлөрү бизге анын колуна чырак кармап, эл көп чогулган жерлерди күндүзү кыдырып жүргөндүгү тууралуу баянды алып келген. Эмне кылып жүргөнүн сураганда, философ мындай деп жооп берген:
– Мен татыктуу адамды издеп жүрөм.