Орто бойлуу, ак саргыл тарткан, адеми кийинип, аярлана баскан, ак калпакчан чал автобуска илинер замат:
— Ассалому алейкум, — деп угуза дабыштады. Үнү бийик, доошу угумдуу, анын саламына эч ким үн катпаганда орус аял:
— Салам аликим, — десе болобу?
— Ыракмат, байбиче, мусулман динине өтпөсөң да дили тунук, ою учкул улуу журттун тукуму эмессиңби, “дай бог Вам здоровье”, — деп алкады. Бир даары бирин-бири карап күлүңдөдү, бир даары башын шылкыйта дымышты. Алдыда олтурган ак куба келин шак тура калды:
— Олтуруңуз, ата…
— Аксакалдарды көрсө, атып турган акылдуу жердин айнеги белемсиң, жарыгым, бак-таалайың артып, ушул басыгыңдан жазба. — Чалдын батасы автобустагыларга даана эшитилди. Жаш келиндин жүзү албырып:
— Эч нерсе эмес, — деди басыңкы дабыштап…
— Ээ жарыгым, батам барар жеринен адашып калбадыбы?
— Кандай десем оң болот, ата? — деп алиги келин уялыңкырап турду.
— Айтканыңыз келсин, же “Батаңыз кабыл болсун”, — деген эки сөздүн бирин айтсаң бата жүрөктүн толтоосуна уялап, бүчүр жарат…
— Айтканыңыз келсин, ата, калаада өскөндөр бирөөдөн ыракмат укса, “эч нерсе эмес” дегенди эле билебиз.
— Аныңда айып жок, жарыгым, “спасибо” дегенге “ничебо” деп көнгөнсүңөр. Силерге батаны бере билбеген жана аны кабыл алышты үйрөтө албаган айып бизде. — Карыя ушул сөздү айтып дымыды. Андан дагы кандай сөз эшитээр экенбиз дегендер өкүттө калышты.
Калканбай Ашымбаев
“Батакөй чал” философиялык этюддарынан