Аптанасаат: Баалуулуктарыбызды сактайлы!

Автор

1. Үй-бүлѳнүн бактысы үчүн үч кабат үй эмес, сүйүү жана ынтымак баалуу;
2. Кызматта мансап эмес, кызмат ордуна татыктуу болуу жана акыйкаттуулук баалуу!
3. Достукта материалдык колдоодон- ишеним жана руханий жакындык баалуу;
4. Кошуналыкта – жылуу ымала жана жылуу чай баалуу;
5. Кийим кийүүдѳ кымбаттыгы эмес, жарашыктуулугу баалуу;
6. Билимде үйрѳнүп алуу эмес, турмушуна керектүүлүгү баалуу;
7. Тарбияда элиталык короздонуу эмес, улуттук нарктуулук баалуу;
8. Күрѳштѳ утуу эмес, оюндун эрежесин так сактоо баалуу;
9. Соодада байлыкка туйтунуу эмес, кардардын кѳңүлүн ыраазы кылуу;
10. Сүйүүдѳ күйүп жануу эмес, туруктуулук баалуу;
11. Тамак ичүүдѳ чүйгүндүүлүгү эмес, аш болумдуулугу баалуу;
12. Коомдук жайда расмийлүүлүктѳн маданияттуулук баалуу;
13. Маданияттуулукта куучирендик эмес, илбериңкилик баалуу;
14. Эл алдында сүйлѳѳдѳ популисттик эмес, чындыкты айтуу баалуу;
15. Мамиледе эсептешүү эмес, ак ниеттүүлүк баалуу;
16. Жүрүм-турумда ѳзүн кѳрсѳтүү эмес, жѳнѳкѳйлүк баалуу;
17. Чыгармачылыкта канча чыгарма жазууда эмес, элге жаккандыгы баалуу;
18. Той берүүдѳ мактануу эмес, бата алуу баалуу;
19. Аш берүүдѳ ашыкча чыгым эмес, соопчулук баалуу;
20. Сүйлѳѳдѳ кооз сѳздүүлүк эмес, тактык, таамайлык баалуу;
21. Аялзатынын сулуулугунан мээримдүүлүгү баалуу;
22. Эркектин сымбаттуулугунан ар-намыстуулугу баалуу:
23. Талашта тактык гана эмес, сабырдуулук баалуу;
24. Карыянын улуулугу гана эмес, нарктуулугу баалуу;
25. Жаштын жаштыгы эмес, уяттуулугу баалуу!!
Сулайман Рысбаев, профессор

Бөлүшүү:
Next Post

100 чакырым жол келерки жылы бүткөрүлөт

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу 100 чакырымды түзүп, кийинки жылдын июль айында бүткөрүлөөрү пландалууда. 4 млрд 646 млн сом каражат сарпталып, 4-категорияда салына турган жолдун 50 чакырымы быйыл бүтөөрү, учурда 250 жумушчу жана 90 техника иштеп жатканы белгилүү болду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн